Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаман ойлуу, ичи арам, бирөөгө жамандык кылайын деген ниети бар, бузукулук ою бар. О, наадан десе, кантер экен деп тим койсо, кылтыйып котур ташы койнунда турбайбы (Байтемиров). Сиздин койнуңуздагы котур ташты билген болсо, эне кургур «кайда кетсең да ала кет» деп жалынбас эле го («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаман ойлуу, ичи арам, бирөөгө жамандык кылайын деген ниети бар, бузукулук ою бар. О, наадан десе; кантер экен деп тим койсо, кылтыйып котур ташы койнунда турбайбы (Байтемиров). Сиздин койнуңуздагы котур ташты билген болсо, эне кургур «кайда кетсең да ала кет» деп жалынбас эле го. В.: Койнуна котур таш катуу. Ал котур ташын койнуна катканды билбейт (Абакиров). Котур таш катып койнуна, Сур жылан ороп мойнуна (Сасыкбаев). Кээси койнуна котур таш катып, Заар тили ок болуп атып («Чалкан»).